> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» иши боюнча кимдер суракка алынып, кимдер камалды? Тизме жаңырууда
- URL: https://im.kg/all/2021/06/01/kumt-r-ishi-bojuncha-kimder-surakka-alynyp-kimder-kamaldy-tizme-zha-yruuda/
- Published: 2021-06-01T14:54:22.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:00:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр» маселеси боюнча учурдагы жана мурдагы чиновниктердин бир канчасы камалды. Парламенттин депутаттары, экс-премьер-министрлер, ошондой эле учурдагы атка минерлер кезек менен суракка чакырылып, натыйжада, айрымдары камакка алынууда. Процесс уланууда, анткени бүгүн эле саясатчылардын жаңы партиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.**

> [Economist.kg](http://localhost/info-portal/2021/06/01/kogo-zaderzhali-i-doprosili-po-delu-kumtora-spisok-obnovlyaetsya/) редакциясы «Кумтөр» кениндеги коррупциялык иштер боюнча кармалгандардын жана суракка алынгандардын тизмесин даярдады.

27-май

- Мурдагы премьер-министр **Темир Сариевди** Аскер прокуратурасында суракка алышты.

31-май

- Экс-депутат **Сергей Ибрагимов** «Кумтөр» иши боюнча УКМКга чакырылып, «Центерра Голд» менен 2009-жылы түзүлгөн келишим боюнча суракка алынган. Ал кезде Сергей Ибрагимов «Ак жол» партиясынан депутат болгон.
- Мурдагы депутат **Турсунтай Салимов** да суракка чакырылган.
- Экс-премьер-министр жана «Республика» партиясынын мурдагы лидери **Өмүрбек Бабанов** күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Бирок бир нече сааттан кийин ал коррупцияга тиешеси бар деген айып менен камалган.
- ЖКнын депутаты **Асылбек Жээнбеков** компаниянын Centerra Gold менен түзүлгөн келишимдеринин биринин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Кийин ал дагы коррупцияга шектелип кармалган.
- Депутат **Төрөбай Зулпукаров** дагы «Кумтөр» маселеси боюнча Centerra Gold менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы тууралуу маалымат бериш үчүн УКМКга суракка чакырылган. Кийинчерээк анын мыйзамсыз байыганын иликтөө үчүн камакка алынган.
- Экс-депутат **Исхак Пирматов** да башында суракка чакырылып, кийин ал да камакка алынган.
- Ушул эле күнү кечинде экс-премьер-министр **Игорь Чудинов** суракка чакырылган.
- Кийинчерэкк УКМКнын маалымат кызматы экс-депутат **Талант Узакбаевдин** кармалганын маалымдаган.

#### 1-июнь

- Парламенттин экс-спикери **Дастанбек Жумабеков** УКМКга суракка чакырылды.
- ЖКнын депутаты **Рыскелди Момбеков** УКМКга суракка алынды.
- ЖКнын мурдагы депутаты **Максат Сабиров** «Кумтөр» маселеси боюнча УКМКда суракка алынды. Ал журналисттерге 2012-2013-жылдары «Кумтөр» боюнча комиссиянын мүчөсү болгондуктан, күбө катары чакырылгандыгын айткан.

Учурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалып, депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды. Экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевдин дагы камакта экени белгилүү, бирок канча убакка камалганы белгисиз.

> Эскерте кетсек, 14-майда президент Садыр Жапаров жер казынасын коргоо эрежелеринин бузулушунан, экологиялык маселелерден улам «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. 15-майда «Кумтөр Голд Компанинин» Бишкектеги кеңсеси тинтүүгө алынган. 17-майда парламенттин кезексиз сессиясында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөргө» байланыштуу төрт кылмыш иши жүрүп жаткандыгын айткан эле.