> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык ишкерлер Сербиянын базарына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/01/kyrgyzstandyk-ishkerler-serbiyanyn-bazaryna-kir-g-m-mk-nch-l-k-alyshat/
- Published: 2021-06-01T10:31:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сербияга Кыргызстандын экспортунун 99%ы преференциалдык режимде жүргүзүлөт. ЕАЭС менен Сербиянын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишими 10-июлда күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.**

> Бүгүнкү күндө Беларусия, Казакстан жана Россиянын Сербия менен эркин соода жүгүртүү боюнча эки тараптуу келишими бар, ал эми Кыргызстан менен Арменияныкы жок. Ведомстводон билдиргендей, аталган келишим ЕАЭСтин мүчө мамлекеттери менен Сербиянын ортосунда соода режимин жүргүзүүгө уруксат берет.

Документ атамекендик өндүрүшчүлөргө товарларын Сербиянын базарына чыгарууга жана ЕАЭСтин башка мүчө мамлекеттери менен бирдей шартта иш алпарууга мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенет Экономика министрлиги.