> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын экономикасына бир аз «жан кирди»
- URL: https://im.kg/all/2021/06/01/kyrgyzstandyn-ekonomikasyna-bir-az-zhan-kirdi/
- Published: 2021-06-01T12:47:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын экономикасы акырындык менен болсо да биринчи позитивдүү сигналдарды бере баштады. Бул тууралуу Улуттук Банк маалымдайт.**

> Көзөмөлдөөчү органдын маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-апрель айларында Кумтөрдү эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 1,1%ды түзгөн. Ички керектөө салыштырмалуу орточо бойдон калган жана ал өлкөгө акча которуулардын агымы менен кармалууда. Январь-март айларында которулган акчанын таза агымы 22,4% га көбөйүп, **420 млн долларды** түзгөн.

Керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өсүшү негизинен азык-түлүк товарларына (күн карама майы, эт жана шекер) жана күйүүчү-майлоочу майларга сакталууда. 2021-жылдын май айында (21-күнү) жылдык инфляция деңгээли **10,7%ды** түзгөн.

> «Дүйнөлүк базарларда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк товарларына баанын көтөрүлүшүнүн негизги себеби – өлкөдөгү инфляциялык тобокелдиктердин сакталып калуусу болуп саналат», – деп белгиледи УБ.

Өлкөдөгү инфляциялык кысымды чектөө максатында УБ инфляциянын монетардык компонентин ооздуктоо боюнча чараларды көргөн. Көрүлгөн активдүү чаралар банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүктүн көлөмүн азайтууга жардам берүүдө.

Ошондой эле УБ кошумчалагандай, ушундан улам, банктар аралык кредит рыногунун катышуучулары кыска сегментте активдешүүдө. . Коммерциялык банктар өз ресурстук базасын түзүүнү жана экономикага кредит берүүнү көбөйтүүнү улантууда.