Кендерден чегерүүлөр түздөн-түз өнүгүү фонддоруна эмес, алгач бюджетке берилиши сунушталды
Алтын кендеринен чегерүүлөрдү түздөн-түз өнүгүү фонддоруна багыттабай, аларды кийинерээк тиешелүү фонддорго которуу үчүн алгач республикалык бюджетке чегерүү сунушталды. Долбоордогу түзөтүүлөр коомдук талкууга коюлуп, ЖКнын сайтында жарыяланды.
Долбоордогу түзөтүүлөргө ылайык, алтындын бекитилген запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 80 %ы – кийинчерээк төмөнкүдөй жумшоо үчүн республикалык бюджетке: 50 %ы – облусту өнүктүрүү фондуна, 30 %ы – районду өнүктүрүү фондуна
- 20 %ы – пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге
Ушул эле документте белгиленгендей, алтындын бекитилген запасы 50 тоннадан кемди түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер, анын ичинде алтын менен бирге бир эле убакта пайдалуу кендердин башка түрлөрүн камтыган кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 80 %ы – районду өнүктүрүү фондуна жумшоо үчүн республикалык бюджетке
- 20 %ы – пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге
Ошол эле учурда, долбоордогу түзөтүүлөрдө алтыны жок пайдалуу кен чыккан жерлер үчүн төмөндөгүдөй тартип каралган:
- республикалык маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген чегерүүлөр алтындын запасы 50 тоннадан ашык кендерге карата жүргүзүлөт
- республикалык маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген эмес – алтындын запасы 50 тоннадан кем кендердегидей жүргүзүлөт