> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» активдери 1,1 млрд доллардан ашат – «Центерра»
- URL: https://im.kg/all/2021/06/02/kumt-r-gold-kompani-menen-kumt-r-operejting-kompaninin-aktivderi-1-1-mlrd-dollardan-ashat-centerra/
- Published: 2021-06-02T10:40:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:21:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр Голд Компани»** **ЖАК жана** **«Кумтөр Оперейтинг Компани»** **ЖАК төлөөгө жөндөмдүү ишканалардан болуп эсептелет.** **«** **Кумтөр** **»** **кенин кошкондо алардын активдери 1,1 млрд доллардан ашат, мындан тышкары, компаниянын тышкы карыздары жок. Бул тууралуу Centerra Gold Inc. компаниясынын билдирүүсүндө айтылат.**

> Компаниянын пикиринде, кыргыз бийлигинин акыркы иш-аракеттерине карабастан, кендин наркы баалуу бойдон кала берет.

«Центеррадан» билдиргендей, туунду компаниялардын банкроттугун [«кайра уюштуруу» ](http://localhost/info-portal/2021/06/01/centerra-gold-kumt-r-gold-kompani-bojuncha-nju-jork-sotuna-kajryldy/)демилгеси аларга таасир этпейт. Компания 31-мартка карата **800 млн доллар** жана **1,2 млрд доллардан** ашуун ликвиддүүлүк менен каржылык жактан туруктуу бойдон кала бермекчи.