> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан туристтерден вакцинация сертификатын талап кылбайт – COVID-19 боюнча штаб
- URL: https://im.kg/all/2021/06/02/kyrgyzstan-turistterden-vakcinaciya-sertifikatyn-talap-kylbajt-covid-19-bojuncha-shtab/
- Published: 2021-06-02T13:51:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:30:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан туристтерден коронавируска каршы эмдөө сертификатын талап кылбайт. Өлкөгө киргендер үчүн терс ПЦР-тестин көрсөтүү жетиштүү болот. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык оперативдүү штабдан билдиришти.**

> Штаб дүйнө жүзү боюнча эмдөө ыктыярдуу негизде гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Учурдагы алгоритмдерге ылайык, COVID-19 тестинин терс жыйынтыгы чыкса (72 саатка жарактуу болсо), чет элдик жарандардын, анын ичинде туристтердин КРнын аймагына кирүүсүнө уруксат берилет.

Штабдан билдиргендей, республиканын аймагына кирүү үчүн **коронавируска каршы эмдөө сертификаты талап кылынбайт.**