Кыргызстан туристтерден вакцинация сертификатын талап кылбайт – COVID-19 боюнча штаб

Кыргызстан туристтерден коронавируска каршы эмдөө сертификатын талап кылбайт. Өлкөгө киргендер үчүн терс ПЦР-тестин көрсөтүү жетиштүү болот. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык оперативдүү штабдан билдиришти.

Штаб дүйнө жүзү боюнча эмдөө ыктыярдуу негизде гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Учурдагы алгоритмдерге ылайык, COVID-19 тестинин терс жыйынтыгы чыкса (72 саатка жарактуу болсо), чет элдик жарандардын, анын ичинде туристтердин КРнын аймагына кирүүсүнө уруксат берилет.

Штабдан билдиргендей, республиканын аймагына кирүү үчүн коронавируска каршы эмдөө сертификаты талап кылынбайт.