40 кыргызстандык ишкана экспортту натыйжалуу башкарууну окушат
Кыргызстанда 40 ишкана чет өлкөлөргө өз продукцияларын чыгаруу жана экспортту башкаруу тармагындагы көйгөйлүү темалар боюнча окушат. Бул тренинг КРда экспорттук менеджмент боюнча машыктыруу демилгесинин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул демилгени «ЖИА» Бизнес Ассоциациясы жана Эл аралык Соода Борбору (ЭСБ) Ready4Trade долбоорунун алкагында ишке ашырууда.
Тандалган ишканалар беш күндүн ичинде продукцияны экспорттоонун төмөнкү баскычтарында билим алышат:
- таңгактоо жана маркалоо
- милдеттүү жана ыктыярдуу сертификация жана сапат стандарттары тууралуу
- бажы алымдары
- эл аралык автомобиль, темир жол жана аба транспорту
- экспортту пландаштыруу
Кечээ 2-июнда алдыңкы 10 компания экспорттук менеджмент боюнча окутуу программасын аяктагандыгы жөнүндөгү сертификаттарга ээ болушту.
«ЖИА» Бизнес Ассоциациясынын башкы директору Фархад Пакыров Ready4Trade менен кызматташуу уюмдун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтери тууралуу айтып жатып: «Биз экспорттук башкаруу боюнча өткөргөн тренингдерден топтолгон тажрыйбабызды региондордогу башка компаниялар менен да бөлүшө алабыз», – деп кошумчалады.
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн долбоор боюнча менеджери Козимо Ламберти маалымдагандай, Ready4Trade долбоору кыргыз ишкерлерине соодадагы бардык талаптарга жана стандарттарга жооп бере алышы үчүн негизги колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул алардын регионалдык жана эл аралык сооданын толук мүмкүнчүлүктөрүн колдонуусуна шарт түзөт.