«Кумтөр» компаниясы 20 бөлүмгө студенттерди стажировкага чакырат

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2021-жылы компаниянын 20 бөлүмүндө эмгек акысы төлөнүүчү жайкы практикадан өтүүгө 3-4-курстун студенттерин кабыл алат. Бул тууралуу маалымат компаниянын сайтында жарыяланды.

Жарыяда белгиленгендей, практика өтүүчүлөргө акы төлөнөт. Бардык тандалып алынган студенттер «Кумтөр» кенинде 14/14 графиги боюнча же Бишкектеги кеңсесинде 5/2 графиги боюнча иштешет.

Программанын катышуучулары сынактык негизде тандалып алынат. Жайкы практика июнь айынан августка чейин созулат.  Өндүрүштүк муктаждыкка карата компания ар кандай багыттагы студенттерди тандап алат. Катышуучуларды тандоо үч этапта жүргүзүлөт: берилген арыздарды алдын ала кароо, тестирлөө жана маектешүү.

Практиканттар төмөндөгү бөлүмдөргө кабыл алынат:

  • бургулоо-жардыруу бөлүмү
  • бухгалтердик бөлүм
  • геологиялык чалгындоо бөлүмү
  • тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн диспетчердик бөлүмү
  • алтынды калыбына келтирүүчү фабрикага металлургиялык лаборатория
  • алтынды бөлүп алуу фабрикасына анализ жана аналитикалык лаборатория
  • алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын бөлүмү
  • геотехникалык бөлүм
  • маалыматтык технологиялар бөлүмү
  • саламаттыкты сактоо, эмгек жана өнөр жай коопсуздугу бөлүмү
  • айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмү
  • коопсуздук бөлүмү
  • оор техниканы, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу, жеңил транспорттун тейлөө бөлүмү
  • электр тейлөө бөлүмү
  • шайкештик жана долбоорлор бөлүмү
  • юридикалык жана корпоративдик иштер бөлүмү
  • алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын техникалык тейлөө бөлүмү
  • тоо-кен өндүрүш бөлүмү
  • логистика бөлүмү
  • кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмү

Программага катышууга арыздарды кабыл алуу тууралуу кеңири маалымат 2021-жылдын июнь айынын башында компаниянын корпоративдик вебсайтында жарыяланат.