> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 1-июлдан тартып ККМнын жаңы стандарттарына өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/03/kyrgyzstan-1-ijuldan-tartyp-kkmnyn-zha-y-standarttaryna-t-t/
- Published: 2021-06-03T11:33:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-июлунан тартып КРнын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашат.**

> Аталган күндөн тартып, салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт. Ошондой эле, ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат.

**Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү төмөнкү субъекттер кирет:** 

- соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу боюнча
- коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү боюнча
- соода залынын аянты 20 чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча

**Мындан тышкары, жаңы техникалык талаптарга ылайык ККМди колдонууга милдеттендирилгендер** (Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишмердик жүргүзүүчүлөр):

- 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу
- дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу
- 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү
- стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр
- медициналык лабораториялардагы кызмат көрсөтүүлөр

> Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттер **администрациялык айып салууга тартылат** деп билдирет ведомстводон.