Мамлекеттик мүлк фондуна мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүдөн 1 млрд сом түшөт

2021-жылы мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүнүн натыйжасында бюджетке 1 млрд сомдон ашык каражат түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Быйыл менчиктештирүүнүн натыйжасында, бюджетке 500 млн сом түшүүсү пландалууда. Бирок планга ылайык, үч-төрт объектини сатканда эле толуктоо 1 млрд сомдон ашышы мүмкүн.

Бакиров белгилегендей, жеке ишкерлер мамлекеттик объектилерди анын профилин өзгөртпөй иштетүү эрежелерине баш ийгенде гана менчиктештире алышат.

«Мисалы, эгерде завод менчиктештирилсе, анда профиль сакталат. Ошондой эле, алган адам жыл сайын инвестиция салууга, модернизациялоого, заводдун кубаттуулугун көтөрүүгө жана жумуш орундарын көбөйтүүгө аргасыз болот. Биз ушундай шарттарды коебуз. Бул процедураны Мамлекеттик мүлк фонду жана парламент көзөмөлдөйт », – деди ал.