> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы 350 автобус алып келүү боюнча келишим түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/04/bishkek-meriyasy-350-avtobus-alyp-kel-bojuncha-kelishim-t-zd/
- Published: 2021-06-04T16:12:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы газ менен иштеген 350 автобусту алып келүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.**

Келишимдин шарттарына ылайык, Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон маркасындагы автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылдын 1-июлуна чейин чыгыш керек.

Жалпысынан «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы жыл ичинде 350 экологиялык таза автобусту алып келүүгө милдеттендирилди.

> Эскерде кетсек, борбордун жүргүнчүлөрүн ташыган негизги транспорт каттамдары менен камсыз кылган маршруткалардын айдоочулары жумуш таштоого чыгышып, үч күндөн бери шаарда маршруткалар токтогон. Алардын талабы – жол киренин баасын көтөрүү болгон. Натыйжада, учурда мэриянын мойнунда шаар тургундарын ыңгайлуу транспорт каттамы менен камсыздоо турат.