Бишкек мэриясы 350 автобус алып келүү боюнча келишим түздү

Бишкек шаарынын мэриясы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы газ менен иштеген 350 автобусту алып келүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимдин шарттарына ылайык, Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон маркасындагы автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылдын 1-июлуна чейин чыгыш керек.

Жалпысынан «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы жыл ичинде 350 экологиялык таза автобусту алып келүүгө милдеттендирилди.

Эскерде кетсек, борбордун жүргүнчүлөрүн ташыган негизги транспорт каттамдары менен камсыз кылган маршруткалардын айдоочулары жумуш таштоого чыгышып, үч күндөн бери шаарда маршруткалар токтогон. Алардын талабы – жол киренин баасын көтөрүү болгон. Натыйжада, учурда мэриянын мойнунда шаар тургундарын ыңгайлуу транспорт каттамы менен камсыздоо турат.