Кыргызстан беш ай ичинде кредиторлорго 13 млрд сом төлөдү

2021-жылда беш айдын ичинде Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик карызды тейлөөгө дээрлик 13,2 млрд сом сарптады. Мындай маалыматты Экономика министрлиги берди.

Ошентип мамлекет январь-май айларында тышкы кредиторлорго 8,3 млрд сом төлөдү. Бул сумманын ичинен:

  • негизги сумма боюнча төлөмдөр  – дээрлик 6 миллиард сом
  • пайыздык төлөмдөр – 2,4 млрд сом

Өкмөт ички карызды төлөө үчүн 4,8 млрд сом бөлдү:

  • негизги сумма боюнча төлөмдөр – дээрлик 3 млрд сом
  • пайыздык төлөмдөр – 1,8 млрд сомду түздү.