> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча оңдоолор киргизилген долбоор парламентте каралат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/04/prezidentti-zhana-deputattardy-shajloo-bojuncha-o-doolor-kirgizilgen-dolboor-parlamentte-karalat/
- Published: 2021-06-04T16:50:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча түзөтүүлөр киргизилген долбоор жакында ЖКнын кароосуна коюлат. Бул тууралуу президенттин [басма сөз кызматы](http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/19647%5Fghai%5Fkonstituciya%5Fboyuncha%5Fghogorku%5Fkeeshtin%5Fdeputattarin%5Fshayloonu%5Fdayindoo%5Fghnnd%5Fmiyzam%5Fdolbooru%5Fghakinda%5Fparlamenttin%5Fkaroosuna%5Fkirgizilet) билдирди.**

Мамлекет башчысынын Аппараты белгилегендей, жаңы Конституцияда парламентти түзүүнүн башка жол-жобосу каралган, ага ылайык, шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынат, анын негизинде ЖКнын депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

> Жаңы Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан (ал эми эски Конституция боюнча 120 депутат) турат. 

> Депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, ЖК саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда. 

Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан «КРнын Президентин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Аталган долбоор коомдук талкуу жол-жобосунан өтүүсү үчүн 2021-жылдын 29-майында Президенттин сайтына жайгаштырылган.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча ЖКнын депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.