Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кумтөр» иши боюнча камалгандар тууралуу оюн билдирди

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кумтөр» иши боюнча камалган саясатчылар тууралуу пикирин билдирди. Бул маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Анын пикиринде, коррупция менен чыныгы күрөштүн негизги элементтеринин бири – элдешкис позиция, калыстык жана мыйзамдуулуктун сакталышы.

«Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдир бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт», – деп билдирет ал.

«Бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу эмес. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок», – деп айтты президенттин катчысы.

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы жана учурдагы саясатчылардын кимиси камалып, кимиси суракка алынгандыгы тууралуу Economist.kg сайтынын материалынан окуңуз.