> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасы иштелип чыкты  – МБК
- URL: https://im.kg/all/2021/06/04/zha-y-smart-bazhy-sanarip-platformasy-ishtelip-chykty-mbk/
- Published: 2021-06-04T09:53:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик бажы кызматы жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.** 

> МБКнын төрагасынын орун басары К.Шатемировдун айтымында, санарип платформаны түзүүнүн максаты – тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды жогорулаткан бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.

Алдыга коюлган максаттар төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат: 

- электрондук декларациялоого толук өтүү
- товарлардын авточыгаруусун киргизүү
- товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө «жашыл коридорлорду» колдонуу (анын ичинде ТЭИ катышуучуларын категориялоонун эсебинен)
- электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү
- бизнес платформалар менен терең интеграция
- өткөрүү пункттарында контролдук функцияларды жүзөгө ашырууда «Бир аялдама» принцибин толук кандуу киргизүү

> Долбоорду ишке киргизүү 2021-2023-жылдарга этаптарга бөлүнгөн. «Смарт Бажы» платформаны түзүүдө **жергиликтүү IT-компаниялар** иштешет.