Жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасы иштелип чыкты – МБК
Мамлекеттик бажы кызматы жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
МБКнын төрагасынын орун басары К.Шатемировдун айтымында, санарип платформаны түзүүнүн максаты – тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды жогорулаткан бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.
Алдыга коюлган максаттар төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
- электрондук декларациялоого толук өтүү
- товарлардын авточыгаруусун киргизүү
- товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө «жашыл коридорлорду» колдонуу (анын ичинде ТЭИ катышуучуларын категориялоонун эсебинен)
- электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү
- бизнес платформалар менен терең интеграция
- өткөрүү пункттарында контролдук функцияларды жүзөгө ашырууда «Бир аялдама» принцибин толук кандуу киргизүү
Долбоорду ишке киргизүү 2021-2023-жылдарга этаптарга бөлүнгөн. «Смарт Бажы» платформаны түзүүдө жергиликтүү IT-компаниялар иштешет.