> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕБ Баткендеги жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 170 миң евро берет
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/eb-batkendegi-zhabyr-tartkan-j-b-l-l-rg-170-000-evro-beret/
- Published: 2021-06-07T10:52:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа Биримдиги апрель айынын аягында Баткен аймагында болгон куралдуу жаңжалда жабыр тарткандарга гуманитардык жардам иретинде 170 миң евро бөлдү (17,5 млн сомго жакын). Бул тууралуу ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Лейлек районун кошкондо, Баткен облусунун эң көп жабыркаган аймактарында кеминде **6 миң адамга** жардам көрсөтүлөт.

> ЕБ маалымдагандай, бөлүнгөн каражат Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу даректерге материалдык жардам түрүндө бөлүштүрүлөт жана бул жардам жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн чукул муктаждыктарын камсыз кылат. Ошондой эле, жабыркагандарга психологиялык колдоо көрсөтүлүп, авариялык турак-жай үчүн материалдар, аптечкалар, гигиена каражаттары жана үй буюмдары сыяктуу керектүү нерселер берилет.

Бул каражат ЕБтин Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдорунун Федерациясынын (IFRC) табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүү фондусуна (DREF) кошкон жалпы салымынын алкагында бөлүнүп жатат.