> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика тармагындагы апаат: жабдуулардын 70% эскирди жана миллиарддаган карыздар турат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/energetika-tarmagyndagy-apaat-zhabduulardyn-70-eskirdi-zhana-milliarddagan-karyzdar-turat/
- Published: 2021-06-07T16:39:17.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:14:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын энергетика тармагы үрөй учурарлык көрсөткүчтөрдү берүүдө. Мындай маалыматтарды Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.**

Кожогуловдун айтымында, энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелеринин (насыялар, ссудалар) көлөмү **129 млрд сомдон** ашты. Ошол эле учурда, электр энергиясын учурдагы тарифтер боюнча сатуудан түшкөн кирешелер энергетикалык компаниялардын насыялык төлөмдөрүн жана учурдагы чыгымдарын жаппайт. 2020-жылы 1 кВт/саат үчүн 2 сомдон ашкан орточо тариф электр энергиясынын өздүк наркына деле жетпейт.

> Кожогулов насыя боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу 2025-жылга туура келээрин, болжол менен ал **18 млрд сомду** түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандагы **70%** негизги электр энергетикалык жабдуулар эскиргенин да кошумчалап кетти.