> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты онлайн режиминде берет
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/kadastr-mamlekettik-mekemesi-kyjmylsyz-m-lk-zh-n-nd-maalymatty-onlajn-rezhiminde-beret/
- Published: 2021-06-07T10:29:07.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:15:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кадастр» мамлекеттик мекемеси коррупция менен күрөшүү максатында кызматтарын толугу менен санарипке өткөрүүдө. Эми порталдын колдонуучулары кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды каттоо органынын кеңсесине барбай эле интернеттен ала алышат. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.**

Мамлекеттик порталда төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат алса болот: 

- кыймылсыз мүлккө болгон укуктун көчүрмөлөрү
- катталган кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктун тарыхы
- кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө маалымат

Мындан тышкары, бул кызматтарды калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) да алса болот. Ошондой эле аталган агенттик кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого арыздарды кабыл алуу боюнча онлайн кызматтарын киргизүүнү пландаштырууда.