> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүү көлөмү 2020-жылы 12.5%га төмөндөгөн – Пандемиянын кесепети
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/krnyn-eaebke-m-ch-lk-l-r-menen-sooda-zh-g-rt-k-l-m-2020-zhyly-12-5-ga-t-m-nd-g-n-pandemiyanyn-kesepeti/
- Published: 2021-06-07T15:26:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен республиканын өз ара соода жүгүртүү көлөмү пандемиянын кесепетинен 2020-жылы 12.5%га чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Улутстатком маалымдайт.**

> 2017-2018-ж.ж. тышкы соода жүгүртүү мурдагы жылдарга салыштырганда 16%дан ашыгыраак болсо, 2019-жылы бул көрсөткүч 2.1%га азайган. Ал эми 2020-жылы пандемиянын чектөөлөрүнө байланыштуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 12.5%га төмөндөгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө КРдан негизинен баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары, мөмө-жемиштер жана жаңгактар, кийим, сүт жана сүт азыктары, пластмасса жана андан жасалган буюмдар, автомобилдердин жана тракторлордун тетиктери жана бөлүктөрү, айнек, пахта, тамеки жана цемент жөнөтүлдү.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден мунайзат продуктулары, жаратылыш газы, кара металлдан жасалган буюмдар, өсүмдүк майлар, буудай, буудай уну, дары-дармектер, жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар, жер семирткичтер, керамикалык буюмдар жана башка товарлар импорттолду.

> 2020-жылы ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн арасынан эң жогорку көлөмдөр Россия (65%) менен Казакстанга (33%) туура келет.

**ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен КРнын өз ара соодасы**

|                | 2016    | 2017    | 2018    | 2019    | 2020    |
| -------------- | ------- | ------- | ------- | ------- | ------- |
| *Млн. доллар*  |         |         |         |         |         |
| Товар жүгүртүү | 2 073.2 | 2 405.2 | 2 801.9 | 2 742.5 | 2 400.9 |
| Экспорт        | 447.2   | 541.5   | 640.6   | 641.7   | 546.3   |
| Импорт         | 1 626.0 | 1 863.7 | 2 161.3 | 2 100.8 | 1 854.6 |