> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртууга Экономика министрлигине грузиялык консультанттар көмөктөшөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/mamlekettik-karzhyny-bashkaruunu-zhakshyrtuuga-ekonomika-ministrligine-gruziyalyk-konsultanttar-k-m-kt-sh-t/
- Published: 2021-06-07T14:48:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:52:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк Банктын «Мамлекеттик финансы менеджментинин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында, бюджеттик бөлүмдүн кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү максатында, Экономика министрлиги Грузиядан консультанттарды жалдады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.**

Грузиядан эксперттерди тартуу «Мамлекеттик финансылык менеджменттин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун аркасында мүмкүн болду. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын гранттык салымдары менен көп тараптуу донордук ишеним фондунун алкагында ишке ашырылууда. Бул донордук фонд Дүйнөлүк Банк тарабынан башкарылат.

> Аталган долбоордун алкагында Экономика министрлиги Грузиядан **Policy and Management Consulting Group-PMCG** консалтинг компаниясын жалдады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, грузиялык консультанттар менен иштөөнүн алкагында, 26-27-май күндөрү тармактык кураторлор үчүн программалык негизде, бюджетти түзүү боюнча жаңыланган усулдук материалдарды колдонуу жөнүндө тренинг өткөрүлдү.