> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 5 саат мурда келүүлөрү зарыл – Эскертүү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/manas-aeroportunan-pcr-test-tapshyruuchu-zh-rg-nch-l-r-uchuudan-5-saat-murda-kel-l-r-zaryl-eskert/
- Published: 2021-06-07T13:36:20.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:54:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» «МЭА» ААК эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.**

Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021-жылдын 31-майынан тартып, COVID-19 илдетин тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирген.

> ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатында күндүзгү саат **8:00ден** **18:00ге** чейин тапшырсаңыз болот. **1,5-2** саатта жыйынтыкты алуу үчүн – **3499 сом**, эгерде **4-5** саатта алам десеңиз –**2399 сом** төлөйсүз.