«Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 5 саат мурда келүүлөрү зарыл – Эскертүү
«Манас» «МЭА» ААК эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.
Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021-жылдын 31-майынан тартып, COVID-19 илдетин тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирген.
ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатында күндүзгү саат 8:00ден 18:00ге чейин тапшырсаңыз болот. 1,5-2 саатта жыйынтыкты алуу үчүн – 3499 сом, эгерде 4-5 саатта алам десеңиз –2399 сом төлөйсүз.