Тоң районунда «Кумтөрдүн» эсебинен 43 млн сомго бала бакча курулат

Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 100 орундуу бала бакча курулат. «Кумтөр» долбоорунун алкагында түзүлгөн Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү Фонду курулушка 43 млн сом бөлөт.

Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин жаңы бала бакчанын пайдубалын түптөө жана капсуласын салуу аземи болуп өткөн. Иш-чарага фонддун директору Самат Медеров, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышкан.

Фонддун маалыматына таянсак, Ак-Өлөң айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Жаңы бала бакчада балдар татыктуу тарбия жана билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлөт.