Транспорт министрлиги: КРгы көпчүлүк курулуш компаниялар жосунсуз иштеп жатышат – жетишсиз чара көрүлүүдө
Көпчүлүк компаниялар курулуш иштерин ак ниетсиз жүргүзүшөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мындай компанияларга таасир этүүчү ыкчам чараларга ээ эмес. Мындай пикирин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Уланбек Калманбетов билдирди, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.
Анын айтымында, аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн департамент тарабынан «КРнын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору демилгеленген.
«Бул долбоор кабыл алынышы менен лицензияларды алуу үчүн так талаптар киргизилет, лицензия берилген учурдан тартып жана ал колдонулуп жаткан мезгилге чейин көзөмөлдөнөт, ошондой эле мыйзам бузуулар жокко чыгарылганга чейин токтоосуз кийлигишүүгө мүмкүндүк берет», – дейт Калманбетов.