> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# USAID мекенине кайткан 96 мигрантты IT-курстарына окутууда
- URL: https://im.kg/all/2021/06/07/usaid-mekenine-kajtkan-96-migrantty-it-kurstaryna-okutuuda/
- Published: 2021-06-07T12:51:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**USAID колдогон «Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция» долбоору «50 миң программист. Бир үй-бүлөдөн – бир программист» деген демилгеге кошулуп, мекенине кайткан 96 мигрантты маалымат технологиялары курстарында окууга жардам берди. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.**

Белгиленгендей, катышуучулар онлайн медиа курстары аркылуу социалдык медианы башкаруу, графикалык дизайн, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу жана башка чеберчиликтерди үйрөнүшүүдө.

> «Мигранттардын арасынан алгачкы 18 адам курстарды ийгиликтүү аяктап, алардын экөө жаңы адистик боюнча жумушка орношушту. Өнөктөштүк 2021-жылдын аягына чейин кайтып келген 150 мигрантты окутат деген үмүттөбүз», – деп кошумчалады USAID.