USAID мекенине кайткан 96 мигрантты IT-курстарына окутууда
USAID колдогон «Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция» долбоору «50 миң программист. Бир үй-бүлөдөн – бир программист» деген демилгеге кошулуп, мекенине кайткан 96 мигрантты маалымат технологиялары курстарында окууга жардам берди. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, катышуучулар онлайн медиа курстары аркылуу социалдык медианы башкаруу, графикалык дизайн, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу жана башка чеберчиликтерди үйрөнүшүүдө.
«Мигранттардын арасынан алгачкы 18 адам курстарды ийгиликтүү аяктап, алардын экөө жаңы адистик боюнча жумушка орношушту. Өнөктөштүк 2021-жылдын аягына чейин кайтып келген 150 мигрантты окутат деген үмүттөбүз», – деп кошумчалады USAID.