> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин жаңы конуштарынын жолдору Кытайдын грантынын эсебинен оңдолууда
- URL: https://im.kg/all/2021/06/08/bishkektin-zha-y-konushtarynyn-zholdoru-kytajdyn-grantynyn-esebinen-o-doluuda/
- Published: 2021-06-08T13:17:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбор калаада Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында жаңы конуштардагы жолдорду оңдоо иштери улантылууда** **деп билдирет шаардык мэриянын маалымат кызматы.**

Учурда «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Жеңиш», «Ак-Босого», «Эне-Сай», «Ак-Тилек», «Учкун» жана «Ынтымак» жаңы конуштарында узундугу 26 чакырым болгон жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.  
  
Долбоордун экинчи этабында жаңы конуштарга **34,1 км** жол курулат.  
  
Жалпысынан быйыл **44 көчөнү**, 2022-жылы **16** көчөнү оңдоп бүтүрүү пландалууда.  
  
«Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо, аянты 630 миң чарчы метр жол катмарын алмаштыруу жана 130 чакырым тротуар куруу, 46 миң ирригацияны алмаштыруу пландалууда деп билдирет мэрия.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/1623036915-1024x575.jpg)