> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эсептөө палатасы 1 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады
- URL: https://im.kg/all/2021/06/08/esept-palatasy-1-mlrd-somduk-myjzam-buzuulardy-anyktady/
- Published: 2021-06-08T12:47:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы Эсептөө палатасы 90 аудиттик иш жүргүзүп, 1 млрд сомдук каржылык мыйзам бузууларды жана 1.6 млрд сомдук сарамжалсыз пайдаланылган каражаттарды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Алмаз Акматов парламенттин бюджет жана каржы комитетине билдирди деп маалымдайт ЖКнын басма сөз кызматы.**

> Акматовдун айтымында, текшерүүлөр **1824** түзүмдүк бөлүмдөрдө жана ведомстволордо жүргүзүлгөн жана анын **1366** бюджеттик уюмдар, **251** чарба субъекттери болгон.

Эл өкүлдөрү 2020-жылы өткөн жылга салыштырмалуу каржылык мыйзам бузуулар 64% га азайганын белгилешти. Көзөмөлдөөчү органдын башчысы бул көрүнүштү коронавирус пандемиясынан улам пландалган иш-чаралар аткарылбай калгандыгы менен түшүндүрдү.

Талкуунун жыйынтыгында, КРнын Бюджет жана финансы боюнча комитети Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун жактырды.