Эсептөө палатасы 1 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

2020-жылы Эсептөө палатасы 90 аудиттик иш жүргүзүп, 1 млрд сомдук каржылык мыйзам бузууларды жана 1.6 млрд сомдук сарамжалсыз пайдаланылган каражаттарды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Алмаз Акматов парламенттин бюджет жана каржы комитетине билдирди деп маалымдайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Акматовдун айтымында, текшерүүлөр 1824 түзүмдүк бөлүмдөрдө жана ведомстволордо жүргүзүлгөн жана анын 1366 бюджеттик уюмдар, 251 чарба субъекттери болгон.

Эл өкүлдөрү 2020-жылы өткөн жылга салыштырмалуу каржылык мыйзам бузуулар 64% га азайганын белгилешти. Көзөмөлдөөчү органдын башчысы бул көрүнүштү коронавирус пандемиясынан улам пландалган иш-чаралар аткарылбай калгандыгы менен түшүндүрдү.

Талкуунун жыйынтыгында, КРнын Бюджет жана финансы боюнча комитети Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун жактырды.