> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандын PayDala төлөм оператору Кыргызстанда катталды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/08/kazakstandyn-paydala-t-l-m-operatoru-kyrgyzstanda-kattaldy/
- Published: 2021-06-08T13:57:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**4-июнда Улуттук Банк PayDala Жоопкерчилиги чектелген шериктештигин Cashello.kz эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары каттады. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

5014040621 каттоо номери менен КРнын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин реестрине киргизилди. 

> «PayDala» ЖЧШ – Cashello.kz электрондук акча системасынын оператору Алматы шаарында жайгашкан жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкында төлөм уюму катары 2019-жылы катталган.