> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда шекердин, өсүмдүк майынын жана малдын импортуна КНС жокко чыгарылышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2021/06/08/krda-shekerdin-s-md-k-majynyn-zhana-maldyn-importuna-kns-zhokko-chygarylyshy-m-mk-n/
- Published: 2021-06-08T10:50:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан кум шекерди, өсүмдүк майын жана айыл чарба жаныбарларын импорттоодо КНС (кошумчаланган нарк салыгы) ставкасын убактылуу нөлгө түшүрүүнү көздөп жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн [сайтына ](https://www.gov.kg/ky/npa/s/3123)жарыяланды.**

> 2021-жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин КНСтин нөлдүк ставкасын белгилөө сунушталууда.

Долбоордун демилгечилеринин айтымында, мындай чара азык-түлүк товарларына болгон бааны турукташтыруу жана КРга шекер, өсүмдүк майы жана мал чарбасын импорттогон ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн зарыл.