Кыргызстандык чебер аялдар онлайн сатуу боюнча билим алышты
Кыргызстандык чебер аялдар онлайн сатуу боюнча окушту. Санариптик соода боюнча тренингге Кыргызстандан, ошондой эле Афганистан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 100дөн ашуун адам катышты.
Тренинг USAIDдин «Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, соода жана жумуш орундары» долбоору АКШнын Соода министрлиги менен биргеликте уюштурулгандыгын USAIDдин басма сөз кызматы билдирди.
Катышуучулар улуттук кийимдердин, килемдердин жана кол өнөрчүлүктүн электрондук соодадагы мүмкүнчүлүктөрү жана онлайн сатуу платформалары менен таанышышты.
USAID кол өнөрчүлөрдүн эл аралык базарларга чыгуусуна жардам берүү үчүн Борбордук Азиядан жана Афганистандан келген кол өнөрчүлүктүн электрондук каталогун иштеп чыгууну пландап жаткандыгын билдирди. «Бул аракеттер региондогу чебер аялдардын узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулугуна көмөктөшөт», – деп кошумчалады аталган уюм.