> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «МКУ» кошумча акцияларын чыгаруу менен 17 млн сом тапты
- URL: https://im.kg/all/2021/06/08/mku-koshumcha-akciyalaryn-chygaruu-menen-17-mln-som-tapty/
- Published: 2021-06-08T11:44:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК сегизинчи жөнөкөй кошумча акцияларын чыгаруу жолу менен 17.3 млн сом тартты. Бул тууралуу «Кыргыз фондулук биржасынын» маалымат кызматы билдирди.**

Бул келишим өткөн жумада (31-майдан 4-июнга чейин) эң ири болуп, соода көлөмүнүн 80%ын ээлеген. Камсыздандыруу уюмунун баалуу кагаздарынын бир акциясы – **100 сомдон** сатылды.

> Белгилей кетсек, өткөн жумада соодалашуунун жалпы көлөмү – **21.6 млн сомду** түзгөн. КФБ корпоративдик сектордогу 12 компаниянын баалуу кагаздары менен 23 бүтүм каттады.