«МКУ» кошумча акцияларын чыгаруу менен 17 млн сом тапты

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК сегизинчи жөнөкөй кошумча акцияларын чыгаруу жолу менен 17.3 млн сом тартты. Бул тууралуу «Кыргыз фондулук биржасынын» маалымат кызматы билдирди.

Бул келишим өткөн жумада (31-майдан 4-июнга чейин) эң ири болуп, соода көлөмүнүн 80%ын ээлеген. Камсыздандыруу уюмунун баалуу кагаздарынын бир акциясы – 100 сомдон сатылды.

Белгилей кетсек, өткөн жумада соодалашуунун жалпы көлөмү – 21.6 млн сомду түзгөн. КФБ корпоративдик сектордогу 12 компаниянын баалуу кагаздары менен 23 бүтүм каттады.