> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте «Кыргыз темир жолунун» экс-директору кайра кармалды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/09/bishkekte-kyrgyz-temir-zholunun-eks-direktoru-kajra-karmaldy/
- Published: 2021-06-09T16:25:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кайрадан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.**

Министрликтин маалыматы боюнча, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акы төлөөгө жамынып, Дашков жеке компанияларга мыйзамсыз түрдө **1.1 млрд сом** чегерген.

> «Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен Василий Дашковду үй камагына чыгарган болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал аны төлөбөй келет», – деп белгиледи мамлекеттик комитет.

Мындан тышкары, сотко чейинки изилдөөнүн алкагында, экс-директордун «Кыргыз темир жолу» ишканасынан бюджеттик каражаттарды алуу боюнча кошумча фактылар аныкталган. 2021-жылдын январынан апрелине чейин мамлекеттик ишканадан **490 млн сомго** жакын акча каражатын чыгарып кеткени маалым болду.

> «Ошентип, келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен **1.5 млрд сомго барабар** болууда. Бир күн мурда Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», – деп жыйынтыктады департамент.

Эске салсак, Дашков биринчи жолу 18-майда кармалган. Кийинчерээк «Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директорунун уулу дагы мамлекеттик ишканадан 500 млн сом алып кетүүгө катышкан деп шектелгени белгилүү болду.