> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-түрк бизнес-форумуна ата мекендик 60 компаниянын өкүлдөрү катышат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/09/kyrgyz-t-rk-biznes-forumuna-ata-mekendik-60-kompaniyanyn-k-ld-r-katyshat/
- Published: 2021-06-09T13:00:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна ата мекендик 60 компаниянын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кечээ Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушууда билдирди.**

«Рифат Хисаржыклыоглу иш-чараны даярдоодо эки тарап тең жакшы иштегендигин жана түрк ишкерлери да бизнес-форумга катышууга чоң кызыгуу көрсөтүп жаткандыгын баса белгилеп, форум өтө жогорку деңгээлде өтөөрүн кошумчалады», – деп билдирди Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарап август айында Ысык-Көл облусунда кыргыз-түрк бизнес өкүлдөрүнүн, ошондой эле түрк мамлекеттеринин ишкерлеринин катышуусунда ири бизнес-форум өткөрүүнү чечишти.

«Иш-чаранын негизги багыттарынын бири – Анкара шаарында өткөн жолугушуулардын негизинде **келишимдерге кол коюу**, маселелерди талкуулоо жана андан ары өнүгүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле КРга инвестицияларды тартуу болот», – деп кошумчалады министрликтин маалымат кызматы.