> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүт азыктарын экспорттоо акыркы 5 жылда 2 эсе өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/09/s-t-azyktaryn-eksporttoo-akyrky-5-zhylda-2-ese-st/
- Published: 2021-06-09T10:07:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

##### **Сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү акыркы 5 жылда 2 эсе өстү. 2020-жылы (2016-жылы 20 миң тонна) экспорттук жөнөтүүлөрдүн жалпы суммасы 46 млн долларга, дээрлик 35 миң тоннага жетти. Мындай маалыматты Улутстатком берди.**

**Сүт азыктарынын экспортунун** **акыркы 5 жылдагы көрсөткүчтөрү**  
*(миң тонна)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/Bez-nazvaniya.png)

> Азыркы учурда сырткы рынокко негизги сүт жана сүт азыктарынан ак май (товардык көлөмдүн 37%), сырлар жана быштак (21%), сүт жана суюк, кургак каймак (17%), ошондой эле сүт жана суюк каймак (13%) кычкыл сүт азыктары (болжол менен 11%) жөнөтүлүүдө.

Сүт азыктары экспортко, негизинен Казакстанга жөнөтүлдү, коңшу өлкөгө 2020-жылы **24.1 млн** долларга продукция жиберилсе, бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмүнүн **52%дан** ашыгын түзөт, ошондой эле Россияга (**21 млн долларга** же **46%**) жөнөтүлгөн. Сүт жана сүт азыктары Өзбекстан (**705 миң доллар**) жана Тажикстан (**217 миң доллар**) сыяктуу өлкөлөргө да экспорттолот.