> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан туристтердин кирүү алгоритмин бекитти
- URL: https://im.kg/all/2021/06/10/kyrgyzstan-turistterdin-kir-algoritmin-bekitti/
- Published: 2021-06-10T15:51:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан туристтердин өлкөгө кирүү алгоритмин бекитти. Бул тууралуу туризм департаментинин маалымат кызматы билдирет.**

Алгоритмдерге ылайык, өлкөгө келген туристтин жанында төмөнкүлөр болуш керек: 

- ПЦР-тесттин терс натыйжалары, анын жыйынтыгы анализ алынгандан тартып, 72 саатка жарактуу
- же COVID-19га каршы вакцинанын алынгандыгын тастыктаган документ (кагаз же санарип форматында)

Беш жаштан ашкан балдардын коопсуздугу үчүн, ата-энелери жогоруда көрсөтүлгөн медициналык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү экендигин ведомстводон билдиришти.

«Эмдөөдөн өткөн жарандар (ПЦР тести жок) аба жолу менен 2021-жылдын 19-июнунан баштап, жер үстүнөн 2021-жылдын 12-июнунан тартып келе алышат», – деп билдирди туризм департаменти.