> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк» системасына 68 коммерциялык уюм кошулду
- URL: https://im.kg/all/2021/06/10/t-nd-k-sistemasyna-68-kommerciyalyk-ujum-koshuldu/
- Published: 2021-06-10T16:51:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына 68 коммерциялык уюм жана 67 министрликтер менен ведомстволор кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев билдирди.**

> Буржуевдин маалыматына ылайык, учурда системада 55 мамлекеттик орган жана 38 коммерциялык уюм маалымат алмашуу иштерин жүргүзүшөт.

Жалпысынан, мамлекеттик органдар тарабынан дагы, коммерциялык уюмдар тарабынан дагы «Түндүк» системасын колдонгондордун санынын өскөнү байкалууда. 2018-жылы мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу – **363 миң** транзакцияны түзсө, ал эми мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда эч кандай маалымат алмашуу болгон эмес. 2020-жылы мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу – **69.4 млн**, ал эми өкмөт менен коммерциялык уюмдар **1128 млн транзакцияга** жетти.

> 2021-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик органдардын өз ара байланышы 22.5 млн транзакцияны, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдардын ортосунда 52.2 млн транзакцияны түзгөнүн директордун орун басары билдирди.

«Түндүктө» **782** кызмат жана **208** система катталган. Учурда бардык мамлекеттик органдар туташкан.