> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук Банк Башкармасынын мүчөлөрү 2020-жылы 28 млн сом сый акы алышты – депутат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/10/uluttuk-bank-bashkarmasynyn-m-ch-l-r-2020-zhyly-28-mln-som-syj-aky-alyshty-deputat/
- Published: 2021-06-10T13:12:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы Улуттук Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн жалпы эмгек акысы дээрлик 28 млн сомду түзгөн. Сый акыга эмгек акы жана башка төлөмдөр кирет. Бул тууралуу депутат Саматбек Ибраев бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.**

Депутаттын айтымында, эгерде бул сумманы коллегиянын жети мүчөсүнө бөлсө, анда ар биринин кызматы орто эсеп менен бир айда **332.9 миң** **сомго** турат. «Бул суммага жол чыгымдары, эл аралык рейстер, жеке автоунаалардын тейлөөсү жана башка чыгымдар, айдоочулардын эмгек акысы, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн эс алуусу кирбейт», – деп кошумчалады ал.

> «Эгерде УБ Башкармасынын ар бир мүчөсүнүн эмгек акысы жөнүндө айта турган болсок, анда УБтын төрагасын тейлөө айына болжол менен **400 миң сом** турат», – деди Ибраев.

Ошондой эле ал УБ Башкармасынын мүчөлөрүнүн турак жай сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыялары, тагыраак айтканда, насыяны 2%дан 5%га чейин пайыздык чен менен 15 жылга чейин артыкчылыктуу алышаарын да айтып өттү.