> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан Кыргызстандан чыккан жүктөрдү 15-20 күнгө кечиктирүүдө – Базарлар Ассоциациясы
- URL: https://im.kg/all/2021/06/11/kazakstan-kyrgyzstandan-chykkan-zh-kt-rd-15-20-k-ng-kechiktir-d-bazarlar-associaciyasy/
- Published: 2021-06-11T11:30:08.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:29:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эл аралык брендге айланган Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көпчүлүгү чет өлкөгө «Дордой» базарынан экспортко чыгат. Тилекке каршы, коңшу Казакстандын чек арасындагы бекетте жүктөр 15-20 күнгө кечигип чыгып жатат.**

Бул тууралуу Кыргызстандын базарлары, соода жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков бир күн мурда, 10-июнда, парламенттин төрагасынын алдындагы бизнести өнүктүрүү кеңешинде билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын айтымында, мындай ыкма соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болуп, ЕАЭБтин товарларды эркин жүгүртүү принциптерине каршы келет.

> «Жүк ташуучу унаалардын Казакстандын чек ара бекеттеринен өтүшү өтө татаал маселе, бирок аны чечүүгө мамлекеттик органдар жардам бериши керек», – деп кошумчалады Ташибеков.