> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бюджеттин кирешеси жасалма көбөйтүлгөн –  Башкы прокуратура иш козгоду
- URL: https://im.kg/all/2021/06/11/korrupcionerlerge-salyk-ch-n-akcha-berishken-bashky-prokuratura-ish-kozgodu/
- Published: 2021-06-11T12:06:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Башкы прокуратура Борбордук казыналыктын жана Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн 100% га жасалма көбөйткөн фактысын аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, 2019-жылдын 31-декабрында жогоруда аталган бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери бюджеттин киреше бөлүгүн 100% га жасалма түрдө көбөйтүшкөн. Алар укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебинен Салык кызматынын эсебине **491.9 млн сом** суммасында салыкка тиешеси жок каражаттарды мыйзамсыз которушкан.

> Натыйжада, өкмөт ЖКда бюджеттин киреше бөлүгүнүн 100% аткарылышы жөнүндө салык кызматынын жалган отчетун берген.

Бул факт боюнча, Борбордук казыналыктын жана Салык кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-бөлүмүнүн 4-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) боюнча иш козголуп, сотко чейинки процесстер башталды.