Кургакчыл жай жана коронавирус – Кыргызстан айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтүн узартууну көздөөдө

Кыргызстан айрым айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартууну сунуш кылды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Бул айыл чарба азыктары:

  • айыл чарба өсүмдүктөрү –  буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, жем
  • тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары – буудай уну, өсүмдүк майы, кум шекер
  • мал чарба азыктары – тоок жумурткасы

Республиканын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо аталган токтом долбоорунун максаты болуп эсептелет. Эгерде өлкөдө бул азыктардын жетишсиздиги башталса – базардагы баалар кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Долбоордун демилгечилеринин айтымында, кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду жана Кыргызметео кызматынын алдын-ала берген маалыматтарына ылайык, жайдын кургакчыл болушу күтүлүүдө, натыйжада, анын кесепети айыл чарба өндүрүшүнө терс таасир берет.

Жогоруда көрсөтүлгөн терс таасирлердин комплекси жана коронавирус инфекциясынын пандемиясынын күтүлүп жаткан экинчи, үчүнчү толкунунун кесепети – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.

Андыктан аталган долбоор ички азык-түлүк рыногундагы терс кесепеттердин алдын алуу максатында демилгеленген.