> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын экономикасы 1.6%га төмөндөдү –  өнөр жай жана курулуш солгундады
- URL: https://im.kg/all/2021/06/14/kyrgyzstandyn-ekonomikasy-1-6-ga-t-m-nd-d-n-r-zhaj-zhana-kurulush-solgundady/
- Published: 2021-06-14T10:28:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-май айларында, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.6%га төмөндөө менен 215 млрд сомду түздү.** 
**Өткөн жылдагы көрсөткүчтү эске алсак, (-4.8%), абал андан да жаман.**

> Улутстаткомдун маалыматына таянсак, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-май айларынын деңгээлинен 3.5%га өсүү менен **192 млрд** ашык сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү **өндүрүштө**, **курулушта** алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу **8.6%га** төмөндөдү (2020-жылдын январь-майында 1.0% төмөндөѳ болгон).

 Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4.1%га жогорулады (2020-жылдын январь-майында 8.3%га төмөндөѳ болгон).