> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен Акылбек Жапаров ишкерлердин абалын талкуулашты
- URL: https://im.kg/all/2021/06/15/biznes-ombudsmen-robin-ord-smit-menen-akylbek-zhaparov-ishkerlerdin-abalyn-talkuulashty/
- Published: 2021-06-15T16:59:59.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:20:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун жолугушуусунда мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринен улам келип чыккан ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды.**

Бизнес-акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар ишкердик жүргүзгөн мекемелердин укуктарын коргоо жана колдоо маселелерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын иш-аракеттерине жана чечимдерине ишкерлерден түшкөн арыздарды талкуулашты.

> Ишкердик чөйрөдөгү даттанууларга негизделген маселелер, мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу сөз болуп, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн зарыл болгон реформалар талкууланды.