> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инвесторлор үч айдын ичинде Кыргызстандан 479 млн доллар чыгарып кетишти – акчанын көбү Канадага кеткен
- URL: https://im.kg/all/2021/06/15/investorlor-ch-ajdyn-ichinde-kyrgyzstandan-479-mln-dollar-chygaryp-ketishti-akchanyn-k-b-kanadaga-ketken/
- Published: 2021-06-15T16:13:02.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:59:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан чыккан чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га көбөйүп, 479.1 млн долларды түзгөн. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитет тарабынан жарыяланган.**

Ошол эле учурда, өлкөдөн чыккан чет элдик инвестициялар республикага тартылган инвестициянын деңгээлинен 367 млн ​​долларга ашып түштү. [Экономист.кg](http://localhost/info-portal/novosti/2021/06/15/investory-vyveli-iz-kyrgyzstana-479-mln-za-tri-mesyaca-bolshe-vsego-deneg-vyvedeno-v-kanadu/) кабарлагандай, январь-март айларында түздөн-түз келген чет элдик инвестициялардын агымы [112.1 млн долларды гана түзгөн.](http://localhost/info-portal/novosti/2021/06/15/pritok-pryamyh-inostrannyh-investicij-v-kyrgyzstan-sokratilsya-na-24/)

> Кыргызстандан **чыккан инвестициянын эң чоң үлүшү – Канадага (68%)**, Кытайга (20%) жана Түркияга (1.7%) туура келет.

Чет өлкөгө кеткен инвестициялардын негизги агымы (болжол менен 94%) өндүрүш ишканаларынан, геологиялык чалгындоодон жана тоо кендеринен байкалган.

Ошол эле учурда, өндүрүш ишканаларынан чыккан инвестициялардын агымы 12 эсе көбөйсө, геологиялык чалгындоо тармагынан, тескерисинче, 6.5 эсеге, ал эми тоо-кен өндүрүшүндө 4.5 эсе азайган.

> Үстүбүздөгү жылдын I кварталында **Кыргызстандан чыккан чет өлкөлүк инвестициялардын эң чоң үлүшү – Ысык-Көл облусунун ишканаларына 69% туура келген**. Чүй облусунан 13%, Бишкектен ​​болжол менен 12% жана Жалал-Абад регионунан болжол менен 7% инвестиция кеткен.