> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда өнөр жай өндүрүшү жыл башынан бери 9.7% га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/15/krda-n-r-zhaj-nd-r-sh-zhyl-bashynan-beri-9-7-ga-t-m-nd-d/
- Published: 2021-06-15T11:06:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9.7% га азайып, 126 млрд 576 млн сомду түздү. Мындай маалыматтарды Улутстатком берди.**

Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнө, фармацевтикалык продукциялардын (-41%), химиялык продуктулардын (-32%), машиналардан жана жабдуулардан башка негизги металлдардан жана даяр металлдан жасалган буюмдар (-29%) жана тоо-кен тармагынын (-4.3%) өндүрүшүнүн кыскаруусу себеп болгон.

Ошол эле учурда, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн **15.3% га** (70 млрд 192 млн сомго чейин) өскөнү байкалган.

> Өлкөдө өндүрүлгөн **өнөр жай** продукцияларынын **жалпы көлөмүнүн 45%ы** «Кумтөргө» туура келет, тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында анын өндүрүшү 56 млрд 385 млн сомду түзгөн.